Ташкент, 17.02.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 17-18-февраль күндөрү расмий сапар менен Кувейт мамлекетине барат, деп билдирди өкмөт башчынын басма сөз кызматы.
Сапар учурунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги, өкмөт мүчөлөрү, кувейттик ири компаниялардын жетекчилери жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылганы айтылат.
Алдыдагы талкуулардын өзөгү Өзбекстан-Кувейт мамилелерин мындан ары бекемдөө, көп кырдуу өнөктөштүктү кеңейтүү жана соода, инновациялар, инвестиция, финансы, жашыл энергетика, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба, транспорт жана логистика, инфраструктураны өнүктүрүү, шаар куруу жана саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги тармактарда кызматташууну тереңдетүү болуп саналат.
Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык байланыштарды жана туристтик алмашууну кеңейтүү перспективаларын карашат. Эл аралык саясат жана аймактык кызматташтык маселелери да күн тартибинин маанилүү беренеси болот.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге жана макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө. Кошумчалай кетсек, 2025-жылы Ташкент менен Кувейттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландалууда, бул эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошот.