Шавкат Мирзиёев Элдердин достугу күнү менен куттуктады

Борбор Азия Загрузка... 30 Июль 2025 09:56
p_30.jpg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 30.07.25 /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Элдердин достугу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоодо бул майрам элдердин тынчтыкты, достукту жана жакшылыкты даңазалаган бай маданияты менен салт-санаасын чагылдырган чоң мүмкүнчүлүк экени белгиленген.

Мирзиёев өзбекстандык бардык улут жана дин өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет жактагы мекендештердин укуктары Конституция жана мыйзамдар негизинде корголорун баса белгиледи.

Президент быйыл март айында Өзбекстан – Кыргызстан – Тажикстан чек аралары кесилишкен жерге "Достук" стелласынын орнотулушу коңшулук жана өнөктөштүк мамилелердин бекемделип жаткандыгын айгинелей турганын да белгиледи.

Өзбекстанда 30-июль — Элдердин достугу күнү 2021-жылдан бери расмий майрам катары белгиленип келет.