Сезим Жуманазарова Ташкентте өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти

Спорт 28 март 2026 11:41
Сезим Жуманазарова Ташкентте өткөн эл аралык турнирде жеңишке жетти

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Сезим Жуманазарова PWL-11 турниринде өзбекстандык атаандашы Лайлохон Собированы жеңди.

Беттеш 28-мартка караган түнү Ташкентте спорттук күрөш боюнча PWL 11 эл аралык турниринин алкагында өттү.

Анда Сезим Жуманазарова 59 кг салмак категориясында атаандашы Лайлохон Собирова менен күрөштү.

Кыргыз спортчусу бир нече ыкмаларды ийгиликтүү аткарып, жыйынтыгында 9:3 эсеби менен утушка ээ болду.