Сел коркунучу күчөдү: Мүлктү камсыздандыруу жана компенсациялар

Коом Загрузка... 07 Июль 2026 17:00
329ec637-9edf-4ee4-_zVPHzDa.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Быйыл Кыргызстанда сел кырсыктарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу кыйла өстү. ӨКМдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле өлкөдө 240тан ашык сел катталып, бул 2024-жылы катталган 133 сел кырсыгынан кыйла көп көрсөткүч болду. Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, турак үйлөрдү, жолдорду жана көпүрөлөрдү каптады.

Июль айынын башынан бери сел кырсыктары негизинен Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарында катталды. Жалпысынан өлкөдө сел жүрүү учурлары апрель айынан тарта байкалып келет.

1-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Сары-Булак айылында кыян суу ички чарбалык жолду жана бир турак үйдүн короосун каптады.

Ошондой эле Кара-Суу айылындагы Көл-Үкөк жайлоосунда сел суусу малды агызып, унаа жолундагы көпүрөнү бузган. Жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Кара-Күңгөй айылында суткалык жөнгө салуучу бассейнден суу ашып кетүү коркунучу жаралып, кооптуу аймактагы 20 турак үйдүн жашоочулары алдын алуу максатында эвакуацияланган.

1-июлдун кечинде жана 2-июлга караган түнү Ысык-Көл районунда да нөшөрлүү жаандын кесепетинен бир катар калктуу конуштарды суу каптады.

Чолпон-Ата шаарында Арал сайындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, "ТНК Бетон" заводунун аймагын жана жатаканаларын каптаган. Мындан тышкары, Талас көчөсүндөгү турак үйдүн жана "Арча Макс" конок үйүнүн жертөлөлөрүнөн суу сордурулган. Ошондой эле "Лукаморье" эс алуу жайынан 24 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.

Чок-Тал айылында сел сайдын жээгин жеп кетсе, Тору-Айгыр айылында бир көчөнү суу каптап, алты турак үйдүн короосуна суу кирген.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Терек жана Коо-Чаты айылдарында да кокту-колоттордон түшкөн сел турак үйлөргө, короо-жайларга жана чарбалык курулуштарга зыян келтирген.

2–3-июлда Кочкор районунда кайрадан нөшөрлөп жааган жамгырдан улам бир катар аймактарды суу каптады. Коопсуздук иш-чараларынын жүрүшүндө Көл-Үкөк жайлоосунан төрт чет өлкөлүк турист жана жети жергиликтүү өспүрүм коопсуз жерге чыгарылып, Кочкор айылына жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөрмөлүү аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору экенин байма-бай эскертип, жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырып келет. Бирок нөшөрлүү жаандан улам күтүүсүз пайда болгон сел айрым аймактарда турак жайларга, жолдорго жана көпүрөлөргө олуттуу зыян келтирип, адам өмүрүнө да коркунуч жаратууда.

Мындай шартта турак жайды табигый кырсыктардан камсыздандыруу жарандар үчүн маанилүү коргоо механизмдеринин бири болуп калууда. Акыркы жылдары сел, өрт, жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү камсыздандыруунун зарылдыгын дагы бир ирет көрсөттү.

ӨКМдин болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү кызматтарынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда табигый коркунучтар жаралышы мүмкүн болгон 11 миң 388 участок катталган. Анын ичинде 4 миң 554 жер көчкү коркунучу бар аймак аныкталып, алардын 1 миң 186сы калкка жана инфраструктурага түздөн-түз коркунуч жаратат.

Мындан тышкары, өлкөдө 3 миң 103 сел коркунучу бар дарыя жана сел менен суу ташкыны болушу мүмкүн болгон 4 миң 109 участок бар. Ошондой эле 381 калктуу конушта жер алдындагы суулардын деңгээли көтөрүлүү коркунучу сакталууда.

Катталган окуялар табигый кырсыктардын алдын алуу менен катар, алардын кесепеттерин азайтуу механизмдеринин маанилүүлүгүн да көрсөтүүдө. Алардын бири — турак жайды камсыздандыруу.

Турак жайды камсыздандыруу кошумча чыгым эмес, күтүлбөгөн кырдаалдарда жарандардын мүлктүк коопсуздугун камсыздаган маанилүү чарага айланууда. Камсыздандырылган үй ээлери кырсык болгон учурда келтирилген чыгымды камсыздандыруу төлөмдөрү аркылуу жабууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул жарандар үчүн да, мамлекет үчүн да жеңилдик жаратат.

Буга мисал келтирсек, бүгүнкү күнгө карата Мамлекеттик камсыздандыруу уюму селден жабыркаган жарандардын турак жайына 22 камсыздандыруу төлөмүн жүргүздү.

Уюмдун Камсыздандыруунун ордун толтуруу жана төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиевдин билдирүүсү боюнча, жалпы өлкө боюнча төлөнгөн кенемте 5 млн 707 миң 439 сомду түздү.

Анын ичинен:

  • Ош облусунда – 8 төлөм жүргүзүлүп, 200 миң 10 сом төлөндү;
  • Жалал-Абад облусунда – 11 төлөм боюнча 4 млн 427 миң 306 сом компенсация берилди;
  • Баткен облусунда – 3 төлөм үчүн 1 млн 80 миң 123 сом төлөндү.

Турак жайды камсыздандыруу үчүн төлөмдөр да жеткиликтүү. Айыл жергесинде камсыздандыруу полисинин баасы 600 сом, ал эми шаарларда 1 200 сомду түзөт. Кырсык болгон учурда келишимдин шарттарына ылайык айыл жериндеги үйлөргө 500 миң сомго чейин, шаардагы үйлөргө 1 млн сомго чейин компенсация төлөнөт. Камсыздандыруу келишими 12 айга чейинки мөөнөткө түзүлөт.

Жарандар камсыздандырууну уюмдун кеңселеринен же аралыктан да тариздей алышат.

Камсыздандыруу маданиятынын өнүгүшү жарандардын өз мүлкүн коргоого болгон жоопкерчилигин арттырып, табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтууга жардам берет.