Сел коркунучу: Кара-Кулжа районунда 8 тилкени коргоо пландалууда

Аймак Загрузка... 15 Апрель 2026 09:15
384666_w_h500_1750566797_r.png
copyright icon www

Бишкек, 15.04.26. /Кабар/. Кара-Кулжа районунда сел коркунучу бар 8 тилкени коргоо пландалууда. Бул тууралуу район акими Замирбек Сыдыков президент Садыр Жапаровго Кара-Кулжа районунун учурдагы абалы жана социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен тааныштырганда билдирди.

Акимдин айтымында, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин азайтууга багытталган ири долбоорду ишке ашыруу каралган. Анын алкагында сел кооптуулугуна байланыштуу 8 тилкени бекемдөө иштери жүрөт.

“Сай айылында узундугу 2,7 чакырым болгон коргоочу дамбаны куруу долбоору ишке ашырылган. Натыйжада 26,3 гектар жер өздөштүрүлүп, 2 417 тургун сел коркунучунан корголду”, — деп белгиледи район жетекчиси.