Ормуз кысыгынын жабылышы: Saudi Aramco мунай өндүрүүнү азайтууда

Дүйнө Загрузка... 10 Март 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-03-10 at 09.09.37.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.03.26 /Кабар/. Сауд Аравиясынын мамлекеттик мунай-газ компаниясы Saudi Aramco эки мунай кенинде мунай өндүрүүнү азайта баштады. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, бул чечим Ормуз кысыгы жабылып калгандан кийин кабыл алынган. Дүйнөдөгү ири мунай компанияларынын бири болгон Aramco кысыктын жабылышынан кийин айрым кендерде өндүрүштү кыскартууну баштаган.

Азырынча кайсы кендерде жана канча көлөмдө өндүрүш азайганы так айтылган жок. Бирок айрым булактар компания суроо-талаптын төмөндөшүнөн эмес, логистикалык тоскоолдуктардан улам ушундай кадамга барганын белгилешүүдө.

Буга чейин Saudi Aramco мунай ташыган танкерлерди убактылуу Янбу порту (Кызыл деңиздин жээгинде) аркылуу жөнөтө баштарын кабарлаган. Бул да Ормуз кысыгынын айланасындагы кырдаалга байланыштуу экени айтылган.

Белгилей кетсек, Saudi Aramco Сауд Аравиясынын мамлекеттик мунай-газ компаниясы. Ал 1933-жылы негизделген жана Азия, Европа жана Түндүк Америкадагы негизги энергетикалык базарларда иш алып барат.