Сауд Аравияда катуу жаандан улам окуу жайлар убактылуу жабылды

Дүйнө Загрузка... 13 Апрель 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-04-13 at 08.54.44.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияд шаарында жана өлкөнүн бир катар аймактарында катуу жааган жамгыр менен сел коркунучуна байланыштуу мектептерде жана жогорку окуу жайларда сабактар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянып, Kazinform кабарлады.

Маалыматка ылайык, Эр-Рияд шаарында жаан-чачын таңга чейин уланып, андан кийин акырындап басаңдаган. Социалдык тармактарда борбор калаанын ар кайсы райондорундагы суу каптоолор жана катуу жаан-чачын тартылган видеолор тарап жатат. Жарандык коргонуу башкармалыгы тургундарды коопсуздук чараларын сактоого жана расмий көрсөтмөлөрдү так аткарууга чакырды.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, шейшембиге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында орточо, айрым жерлерде катуу жаан жаашы күтүлөт.