Сауд Аравияда төөлөргө паспорт бериле баштайт

Дүйнө Загрузка... 06 Февраль 2026 13:10
WhatsApp_Image_2026_Bww6bT9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Казинформ

Бишкек, 06.02.26 /Кабар/. Сауд Аравия Падышачылыгында өлкөнүн маанилүү маданий жана экономикалык ресурстарынын бирин натыйжалуу жөнгө салуу жана башкаруу үчүн төөлөргө расмий паспортторду киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Kazinform билдирди.

Сауд Аравиянын Курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министринин айтымында, бул демилге менчик укугуна көзөмөлдү жакшыртат. Ошондой эле борборлоштурулган жана ишенимдүү маалымат базасын түзүү аркылуу тармактын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жол ачат.

Паспортто жаныбардын түрү, тукуму, ээси жана алган вакциналары тууралуу маалыматтар камтылат. Ал жаныбарларды ташуу жана сатуу учурунда расмий документ катары кызмат кылып, ээсинин укугун коргоого жана аны аныктоо процессин жөнөкөйлөтүүгө жардам берет.

Gulf News кабарлагандай, 2024-жылы падышалыктын маданий мурасынын символу болгон төөлөрдүн саны 2,2 миллионго жеткен. Өлкөдө жыл сайын миңдеген катышуучуларды өзүнө тарткан Падыша Абдулазиз атындагы төөлөр фестивалы — ири спорттук жана маданий иш-чара өткөрүлүп турат.