Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Сауд Аравиянын эң кары жашоочусу Насер аль-Вадаи падышалыкта каза болду. Анын үй-бүлөсү карыя 142 жашта болгонун ырастоодо, деп билдирет РИА Новости Оказ гезитине шилтеме берип.
Жакындарынын айтымында, аль-Вадаи 1884-жылы Дахран-эль-Джануб аймагында, ар кайсы аймактар бирдиктүү мамлекет — Сауд Аравия Падышалыгы болуп бириге электе төрөлгөн. Ал падышалыктын негиздөөчүсү Абдель Азизден баштап, азыркы башкаруучу Салманга чейинки бир нече сауд монархтарынын доорунда жашаган.
Туугандары айтып бергендей, аль-Вадаи жумшак мүнөзү, эр жүрөктүүлүгү жана физикалык күчү менен белгилүү болгон, атүгүл өмүрүнүн акыркы жылдарында да коомдук иштерге жигердүү катышып келген. Анын узак жашашынын негизги себеби катары жакындары тамактануу режимин эсептешет. Ал тамакты аз жеген, негизинен өндүрүлө элек буудай, бал, мейиз, сары май колдонуп, айран ичкен.
Дахран провинциясынын түштүк бөлүгүндөгү Ас-Сук мечитинде өткөн жаназа намазына жети миңден ашык адам катышты. Кийинчерээк ал өзүнүн туулган айылы Аль-Рашидде жерге берилди.
Ошондой эле анын үй-бүлөсү карыянын абдан динчил болгонун жана 40тан ашык жолу ажылык сапарга барганын кабарлады.
Басылманын маалыматы боюнча, үч никеден карыянын 134 баласы жана небереси калган. Ал акыркы никесин 110 жашында куруп, аялы ага тогуз бала төрөп берген.