Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстандын туризмин даңазалашат

Туризм 16 Февраль 2026 16:20
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04 (3).jpeg
634823057_1803.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04 (3).jpeg
634823057_1803.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-02-16 at 13.20.04.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.02.26 /Кабар/. Кыргызстандагы белгилүү блогерлер - Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган. Меморандумдун алкагында өлкөнүн туристтик маршруттары жана локациялары тууралуу контент даярдоо, блогерлердин пресс-турларга, эл аралык көргөзмөлөргө, форумдарга жана жарнама кампанияларга катышуусу пландалууда.

Өз кезегинде фонд амбассадорлорго маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Ал эми блогерлер Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өз аудиториясына таанытып, тармактык демилгелерге активдүү катышмакчы.

Меморандум 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Фонд белгилегендей, бул келишим Кыргызстандагы туризм менен медиа коомчулуктун кызматташтыгынын жаңы этабы болуп саналат.