Сарбаев: ШКУнун үнү аймактык жана глобалдык деңгээлде барган сайын ишенимдүү угулууда

ШКУ Жүктөлүүдө... 27 Июль 2026 11:38
WhatsApp Image 2026-07-27 at 11.11.42.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жаңы типтеги мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн үлгүсү катары аймактык жана глобалдык деңгээлде өзүнүн ролун бекемдеп жатат. Бул тууралуу ШКУ Катчылыгынын улук эксперти Кадырбек Сарбаев ЖМК жана аналитикалык борборлордун форумунда билдирди.

Ал белгилегендей, быйыл ШКУ түзүлгөнүнө 25 жыл толду. Уюмду түзүү боюнча чечим 2001-жылдын 15-июнунда кабыл алынган болсо, учурда анын курамында 10 мамлекет бар.

"ШКУнун күчтүү жана көп кырдуу потенциалга ээ уюмга айланышына — өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана конструктивдүү кызматташтык негиз болууда", — деди Сарбаев.

Анын айтымында, уюм терроризм, сепаратизм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу чакырыктарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүп келет. Бул багыттагы иштер мындан ары да ШКУнун негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат.

Сарбаев азыркы өзгөрүп жаткан дүйнөлүк шартта ШКУнун ишин жакшыртуу үчүн илимий изилдөөлөрдүн жана аналитикалык борборлордун ролу маанилүү экенин белгиледи.

"Көп багыттуу дүйнөгө карай жаңы чакырыктар жаралууда. Мындай шартта ШКУнун өнүгүүсүнө жана анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган аналитикалык изилдөөлөр өзгөчө мааниге ээ", - деди ал.

Ал Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы "25 жыл ШКУ: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүү жолунда бирге" деген ураандын негизинде өтүп жатканын белгилеп, анын алкагында туруктуулукту камсыз кылуу, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча иш-чаралар өтүп жатканын айтты.

Ошондой эле ШКУ Катчылыгы уюмдун маалымат мейкиндигиндеги позитивдүү имиджин бекемдөөгө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Катчылык ШКУ өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташып келет.

"ЖМКлар менен аналитикалык борборлордун кызматташуусу ШКУ тууралуу маалыматты дүйнөлүк коомчулукка жеткирүүдө маанилүү роль ойнойт", — деп кошумчалады Кадырбек Сарбаев.

Ал ошондой эле июнь айында Чолпон-Ата шаарында өткөн медиафорум ШКУ өлкөлөрүнүн журналисттери жана эксперттери үчүн тажрыйба алмашуучу маанилүү аянтча болгонун белгиледи.