Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен ЕККУ санарип багытында кызматташат

Коом 1095 03 Март 2025 16:42
482206109_18057190925030483_2132560989732745263_n.jpg
482644049_18057190937030483_745104995349642926_n.jpg
Алдыга
Артка
482206109_18057190925030483_2132560989732745263_n.jpg
482644049_18057190937030483_745104995349642926_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Санариптик өнүктүрүү министрлиги

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматтыштык уюму санарип багытында кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов менен ЕККУнун элчиси Алексей Рогов кол коюшту.

Кызматташтык санариптик технологияларды өнүктүрүү жана инновациялык долбоорлорду колдоону камтыйт.

Кызматташтыктын алкагында министрлик санариптик демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзө турган техникалык жабдыктарды алды.

Жолугушууга ЕККУнун өкүлдөрү, тармактык серепчилер катышып, санариптик өнүктүрүүгө жана коррупцияга каршы саясатты күчөтүүгө багытталган эки тараптуу аракеттердин маанилүүлүгүнө басым жасашты.