Бишкек, 22.12.25 /Кабар/. Күн мурун АКШнын Сан-Франциско шаарында электр жарыгы өчүрүлүп, шаардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Сан-Францискодо болгон электр энергиясынын өчүрүлүшү болжол менен 130 миң үйдү жана ишкананы жарыксыз калтырган.
Өчүрүү бир катар кесепеттерге алып келди. Анын ичинде ресторандар менен дүкөндөр ишин токтотууга аргасыз болушту. Коомдук транспорт да үзгүлтүккө учурап, айрым станциялар убактылуу жабылды.
Шаардык Өзгөчө кырдаалдар департаменти транспорттук көйгөйлөр бар экенин билдирип, тургундарга зарыл болбосо жолго чыкпоону сунуштады.