Самаркандда БА өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйыны өттү

Борбор Азия 948 20 Октябрь 2025 16:55
568077758_1300683168738447_7795920967905424519_n.jpg
568408214_1300683165405114_5662023714242198402_n.jpg
Алдыга
Артка
568077758_1300683168738447_7795920967905424519_n.jpg
568408214_1300683165405114_5662023714242198402_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин коргоо министрлеринин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Коргоо министрликтеринин делегациялары катышты. Кыргыз делегациясын коргоо министри Руслан Мукамбетов жетектеп барды.

Борбор Азия мамлекеттеринин коргоо министрлери жыйындын алкагында “Кайгырган эне” эстелигине гүлчамбар коюшту. Жолугушуунун соңунда жыйынтыктоочу бир катар документтерге кол коюлду.

Министрликтен белгилешкендей, 21-октябрда коргоо министри Руслан Мукамбетов "Birlik -2025" биргелешкен аймактык машыгуунун активдүү фазасына байкоо жүргүзүүгө катышат. Машыгууга Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери да катышат.