Самаркандда шахмат боюнча планетадагы эң ири турнир өтөт

Борбор Азия 21 Август 2026 15:15
44t3bm67myrudjwgtkite92q5sgea7jq.jpg
copyright icon www

Бишкек, 21.08.26 /Кабар/. Самаркандда планетадагы эң ири командалык шахмат турнири – 46-ФИДЕ дүйнөлүк шахмат олимпиадасы 15-27-сентябрда өтөт. Бул тууралуу УЗА агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, таймашты өткөрүү үчүн Самарканд жөн жерден тандалып алынган эмес. Акыркы жылдары Өзбекстанда шахмат өнүгүп, жаңы деңгээлге чыкты. Жаш өзбек шахматчылары эл аралык ири мелдештерде үзгүлтүксүз жеңишке жетишип келишет жана өлкөнүн улуттук курама командасы дүйнөнүн эң күчтүү командалары менен атаандаша аларын далилдеди. Мисалы, 2022-жылы Өзбекстандын эркектер командасы тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк шахмат олимпиадасында жеңишке жетип, белгилүү фавориттерди утуп алган.

Турнир миңдеген спортчулар, машыктыруучулар, калыстар жана конокторду батыра турган Silk Road International Exhibition Center көргөзмө комплексинде өтөт. ФИДЕ өкүлдөрү алдыдагы турнирге оюн залдары, мейманканалар, транспорттук инфраструктура жана техникалык жабдуулардын даярдыгын баалоо үчүн Самаркандга бир нече жолу барышкан.

Турнир учурунда байыркы шаар бир нече жума бою шахматтын дүйнөлүк борборуна айланат. Мелдеште дүйнө чемпиондору, мыкты гроссмейстерлер жана бул интеллектуалдык оюндун тарыхына өз аттарын жаза элек жаш шахматчылар жолугушат.