Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун Жаштар форуму өттү

Борбор Азия Загрузка... 29 Октябрь 2025 17:20
photo_29 (1).jpg
copyright icon Кабар Кабар

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Самарканд, 29.10.25. /Кабар/. 27-28-октябрь күндөрү Самарканд шаарында ЮНЕСКОнун XIV Жаштар форуму өткөрүлдү, деп билдирет кабарчыбыз.

Форумдун негизги темасы — «Климаттык аракеттер жана алардын айрыкча жаштарга тийгизген социалдык таасири» болду. Ал жаш лидерлердин дүйнөлүк чакырыгын чагылдырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөш кечиктирилбеши керектигин белгиледи.

Ачылыш аземи «Generation of Action» урааны алдында өтүп, форумдун катышуучулары климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча демилгелерди, инновациялык чечимдерди жана эл аралык климаттык саясатты калыптандырууда жаштардын ордун талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Icebreaker» интерактивдүү конкурсу, эл аралык «Толеранттуулук кемеси» аттуу көркөм долбоордун концерти жана Самарканд шаары боюнча экскурсия уюштурулду. Коноктор ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Самаркандтын тарыхый жана маданий жайлары менен таанышышты.

Форумга дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсүнөн 150дөй жаш лидер, анын ичинде Кыргызстандык өкүлдөр да катышты.