Салыктык карыздарды банктык эсептен алуунун тартиби түшүндүрүлдү

Экономика Загрузка... 30 Март 2026 14:00
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.29.36 (1).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Салык төлөөнү жеңилдетүү, салык өндүрүү механизмин санариптештирүүнүн алкагында жарандар өз убагында салык төлөбөсө, бардык процедуралардан кийин банк, уюмдар же мекемелер аркылуу өздүк эсебинен салыктык карызы алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, ар бир жаран салык төлөө милдеттемеси пайда болгондон тартып, төлөөгө милдеттүү болгондуктан, бул механизм биринчиден адилеттүү салык төлөөгө алып барат.

“Бүгүнкү күндө жеке жактарга мүлк салыгы, жер салыгы чегерилип жатат. Белгилей кетсек, көбүнчө жарандар туура эмес түшүнүп, салык органдары банктык эсептен салыктарын алып коёт экен деген түшүнүк пайда болуп жатат. Ошондуктан кенен түшүндүрө кетсем, салык төлөөгө келгенде көп учурда биздин жарандар унутуп коёт же убактысы жоктугунан салык органдарына келип салыктык милдеттемелерин убагында төлөбөйт. Мындай учурда салык милдеттемелери пайда болуп, туумдар эки, үч эселеп кошулуп кеткен учурлар көп кездешет. Ошондо салык төлөөчүлөрдөн убагында эле биздин салыктарды алып койбойсуңарбы, эмнеге мындай болду деген суроо-талаптар көп болуп жатат. Андыктан президент салык төлөө механизмин автоматташтыруу, санариптештирүү максатында бир нече жарлыктарга кол койгон. Биз дароо эле банктык эсептен салыктарды алып коё албайбыз, ага чейин бир топ процедуралар аткарылат”,- деди ал.

Рахманов банктык эсептен автоматтык түрдө салыктарды алып коюунун жол-жобосун түшүндүрүп берди.

"Салык чыккан учурда жарандарга бизден билдирүү барат. Өткөн жылдан бери уюлдук телефонго салык төлөө зарылдыгын билдирген СМС билдирүү да жөнөтүлүүдө. Билдирүү баргандан кийин жарандар бир айдын ичинде (30 күн) салыктарын төлөшү керек. Бирок, салык төлөөчүлөр кайдыгер карап, убагында төлөбөгөн учурда туумдары көбөйүп кетүүдө. Бүгүнкү күндө статистиканы карасак, 435 миңден ашык жарандын салыктык карызы бар. Билдирүү барган соң, жарандар тарабынан төлөө талаптары аткарылбай 30 күн өткөндөн кийин, салык төлөөчүгө төлөөгө же даттанууга дагы 30 күн берилет. Эгер мында да карыз төлөнбөсө, салыктык төлөм талабын өндүрүп алуу үчүн банкка жөнөтөбүз. Бардык ушул процедуралар бүткөндөн кийин гана банк, уюмдар же мекемелер аркылуу эсебиндеги каражаттан карызы алынат. Бул жарандарга шарт түзүп, бюрократиялык процедураларды жеңилдетүүчү жакшы механизм", — деп белгиледи ал.

Ошондой эле бул процедураларда салык органдары тарабынан банктык купуялуулук сакталгандыктан, жарандар үчүн кооптонууга негиз жок экендиги кошумчаланды.