Салык кызматынын 90дон ашык жаңы кызматкери 2 күндүк окутуудан өттү — Кабар

Салык кызматынын 90дон ашык жаңы кызматкери 2 күндүк окутуудан өттү

Коом 13 февраль 2025 09:07
477068520_917896797182295_5645950511794742995_n.jpg
477163881_917896793848962_8569145545261237416_n.jpg
477402632_917912187180756_201725553414292658_n.jpg
479063014_917896800515628_5053154859716969563_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын 90дон ашык жаңы кызматкерлери кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана квалификациясын жогорулатууга багытталган эки күндүк окуудан өтүштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, алар курстун алкагында салык жана камсыздандыруу мыйзамдарынын маанилүү аспектилерин, ошондой эле заманбап контролдоо жана талдоо куралдарын өздөштүрүштү.

Салык кызматынын тажрыйбалуу адистери натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон практикалык билимдери менен бөлүшүштү.

Окутуу квалификацияны жогорулатууга гана эмес, жаңы кесиптик чөйрөгө ыңгайлашууга да жардам берди.