Бишкек, 10.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын усулчулары үчүн төрт күндүк окутуу башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окутууга жалпы 199 усулчу катышууда.
Алар жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер, ошондой эле заманбап педагогикалык технологиялар боюнча атайын даярдыктан өтүшөт.
Окутуудан өткөн усулчулар өз аймактарында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштурушат. Мындан тышкары, аларга окуу жылынын ичинде үзгүлтүксүз усулдук-методикалык колдоо көрсөтүлөт.