Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик салык кызматынын ушул жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Жыйындын алкагында аймактык салык органдарынын жетекчилери үчүн кесиптик даярдыкты жогорулатууга жана салыктык башкаруунун заманбап инструменттерин натыйжалуу киргизүүгө багытталган окутуу иш-чаралары уюштурулду.
Окутуунун жүрүшүндө салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана "Аудит" модулун колдонууга байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду, бул салык мыйзамдарын сактоону контролдоого карата системалуу жана аналитикалык мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Ошондой эле процесстердин ачык-айкындыгын жана автоматташтырууну жогорулатуучу атайын санариптик системаларды колдонуу менен кыйыр салыктарды башкаруунун өзгөчөлүктөрү каралды.
Катышуучуларга киреше салыгы, КНС жана бирдиктүү салык боюнча аналитикалык модулдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталды. Бул инструменттер салык төлөөчүлөрдүн көрсөткүчтөрүндөгү айырмаларды аныктоого жана маалыматтарга негизделген башкаруу чечимдерин кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Окутуунун бир бөлүгү салык төлөөчүлөр менен иштөөдөгү сервистик мамилеге өтүүгө жана көрсөтүлүүчү кызматтарды андан ары санариптештирүүгө арналган, анын ичинде банктар менен өз ара аракеттенүү, ККМ контролдоо системасын жана башка электрондук чечимдерди колдонуу.
Мындан тышкары, экономикалык интеграцияны тереңдетүү шартында өзгөчө мааниге ээ болгон Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды импорттоодо жана экспорттодо документ жүгүртүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.
Карыз менен иштөө боюнча электрондук сервистер — карызды эсептеп, кабарлоо жиберүүдөн тартып өндүрүү механизмдерине чейин өзүнчө каралды, алардын натыйжалуулугу бюджетке түздөн-түз таасирин тийгизет.
Коллегияда ошондой эле санариптик чечимдерди мындан ары киргизүү, салыктарды башкарууда аналитикалык мамилени күчөтүү, ошондой эле салык органдары, салык төлөөчүлөр жана бизнес-коомчулук ортосунда ишенимди бекемдөө зарылдыгы белгиленди.
Мындай окутуу иш-чараларын өткөрүү салык органдарынын жетекчилеринин компетенттүүлүгүн жогорулатууга гана эмес, бүткүл өлкө боюнча салык саясатын ишке ашырууга карата бирдиктүү системалуу мамилени калыптандырууга да өбөлгө түзөт.
Салык кызматы мамлекеттин жана салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгындагы санариптик трансформациялоо жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатуу боюнча курсту улантат.
Эскерте кетсек, коллегиянын жүрүшүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноонун жыйынтыгы чыгарылып, карызды азайтуу боюнча чаралар талкууланды, ошондой эле санариптештирүү жана салык системасын реформалоо жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды. Мындан тышкары, ушул жылга карата негизги милдеттер аныкталды.
Жыйынга Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, коллегия мүчөлөрү, борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана аймактык салык органдарынын жетекчилери катышышты.