Салык кызматы январь-февраль айларында 41,4 млрд сом салык чогултту

Экономика Загрузка... 03 Март 2025 14:30
2021-05-31_11-58-04_937817.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-февраль айларында 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, план 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,7 млрд сомго көбөйгөн.

Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналды, бул белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп. 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 1,2 млрд сомго өстү.

Эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.