2024-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 21,5 млрд сом карыз өндүрүлдү

Экономика 13 февраль 2025 12:41
2024-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 21,5 млрд сом карыз өндүрүлдү

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. 2024-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу иштеринин алкагында 21 млрд 553 млн сом өндүрүлгөн.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • салык карызы боюнча 18 млрд 690,3 млн сом;
  • камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 млрд 854,7 млн сом өндүрүлгөн.

Белгилей кетсек, натыйжалуу санариптик куралдарды жана салык төлөөчүлөр үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүүчү жана пайдалуу кызматтарды киргизүү бул көрсөткүчтөргө жетүүгө өбөлгө түздү.