Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы иштебеген компаниялар менен жеке ишкерлердин тизмесин тазалоонун үчүнчү этабын баштады.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул жолу каттоодон чыгаруу коркунучуна мурда ишкерлик ачып, бирок иш жүзүндө иштебеген жана отчет тапшырбаган 66 миң салык төлөөчү кабылды. Тизмеге бир жылдан ашык убакыттан бери отчет тапшырбагандар, иш жүзүндө иштебегендер жана маалымат системаларында 2 жылга чейин маалыматтары жок болгондор кирет.
Белгиленгендей, жабуу тартиби ар башка: компаниялар сот аркылуу жоюлса, жеке ишкерлердин каттоолорун Салык кызматы өз алдынча, соттун чечимисиз эле жокко чыгара алат.
"Алгач тизме Салык кызматынын расмий сайтындагы ачык реестрлер бөлүмүнө жарыяланат, эгерде 30 күндүн ичинде ээлери кайрылбаса, ведомство мажбурлап жоюу жол-жобосун баштайт",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бул масштабдуу иштер 2025-жылдын аягында башталып, алгачкы эки этапта мекеме иштебей жаткан 85 миң салык төлөөчүгө карата тиешелүү чараларды көргөн.
Нестан Ибраева