Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөөдөгү ар бир вакцинанын сапатына кепилдик берет. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Республикалык эмдөө борборунун директору Гулбара Ишенапысова билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда колдонулган вакциналар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына жана тиешелүү өндүрүш практикалар эл аралык стандарттарына жооп берет. Мындан сырткары ДСУнун алдын ала квалификация берүү процедураларынан да өткөн.
“Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу үчүн мамлекеттик көзөмөлдү Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти ишке ашырат. Алып келинген вакциналардын милдеттүү түрдө мамлекеттик сертификациядан, вакциналардын сериясынын атайын коопсуздук талаптарына жана нормативдик-техникалык документациянын экспертизасына ылайык келиши текшерилет. Сертификация жана дал келүү сертификатын алуу процедураларынан кийин вакциналарды саламаттыкты сактоо мекемелерине колдонууга уруксат берилет. Жер-жерлерде колдонулган вакциналардын андан аркы сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө, Ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборлор жана административдик аймактардын мамлекеттик санитардык көзөмөлү тарабынан жүргүзүлөт”,-деди ал.
Ошондой эле ал калк арасында вакцинанын сапаты тууралуу чындыкка дал келбеген туура эмес маалыматтар болуп жатканын кошумчалады.
“Көпчүлүк оорулар эбак эле жок болгон, ошондуктан эч кандай коркунуч жаратпайт, демек эмдөөнүн зарылчылыгы жок дешет. Биз массалык түрдө эмделип жаткандыгыбыз үчүн корголгонбуз. Көп адамдарды вакцинациядан өткөрүү инфекциялардын алдын алуу үчүн керек. Тажрыйба көрсөткөндөй, дифтерия, полиомиелит жана кызылча оорулары адамдар эмдөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу кайрадан жанданган. Муну менен катар эл арасында бир жашка чыга элек балдарга өтө көп вакцина берилет, бул алардын иммундук системасына жүк келтирет деген да кептер жок эмес. Бирок андай эмес. Бир эле учурда бир нече вакцина киргизүү баланын иммунитетине күч келтирбей турганы илимий негизде далилденген. Күнүмдүк жашоодо баланын тиричилигинде иммундук системасы жүздөгөн бөтөн заттардын таасирине дуушар болот, анын ар бирине организм реакция берет. Бала вакцина алгандан кийин үч күндөн ашык кыйналса, бизде ал балага тез арада жардам берүүчү атайын борбор бар”,-деди ал.