Сак болуңуз, акцизсиз ичимдиктер! Бишкектеги соода түйүндөрү текшерилди

Укук тартиби Загрузка... 24 Февраль 2026 12:24
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзгөн рейддик текшерүүнүн алкагында акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты.

Ведомстводон белгилешкендей, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде Кытайда өндүрүлгөн, акциздик маркасы жок 160 даана алкоголдук ичимдик, жалпы көлөмү 405 литр спирт жыты бар суюктук жана 124 даана кант камтыган суусундуктар табылган.

Ал эми "Выбор Востока" соода түйүнүндө акциздик маркасы жок Кытайдан келген 248 даана алкоголдук продукция, ошондой эле энергетикалык суусундуктар жана ширелер аныкталган.

Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы ишкерлерге акциздик продукцияны маркасыз жүгүртүү салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелерин жана бул үчүн катуу жоопкерчилик каралганын эскертет.