Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Сахара чөлүндө кар жаады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен Интерфакс агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул акыркы 40 жыл ичинде Сахарада кар жааган жетинчи учур. Табияттын мындай кубулушунан улам чөлдөгү кызгылт сары кум дөбөлөр ак түскө оронду.
Кар өзгөчө Айн-Сефра шаарында калың түшкөнү айтылууда.
Белгилей кетсек, 2016-жылга чейин бул аймакта кар акыркы жолу 1979-жылы катталган болсо, акыркы жылдары бул көрүнүш тез-тез кайталана баштады.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Сауд Аравиясында да акыркы отуз жылдан берки алгачкы кар жаап, өлкөнүн бир нече аймагын каптаган. Кар батыштагы Троена коругунан тартып, борбор калаа Эр-Риядга чейин жеткен.