Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга барат

Президент 7 октябрь 2026 18:00
Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстанга барат
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстанга иш сапар менен барат.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги кеңешинин жыйынына катышат.

8-октябрда Консультативдик жолугушуунун алкагында өлкө лидерлери аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, саясий диалогду мындан ары чыңдоону, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү, ошондой эле энергетика жана экология тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашат.

9-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын төрагалыгы алдында өтө турган КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана көп тараптуу өз ара аракеттенүү механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнү карашат.