Бишкек, 30.08.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Улуттук телерадиоберүү корпорациясында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн “Улуу максаттарды көздөгөн шайкеш көз караштар – өнүгүүнүн жаңы жолу” гуманитардык алакалар медиафорумунун катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Кайрылууну президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов окуп берди.
Мамлекет башчысы аталган форумдун быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгы белгиленип жаткан, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылган турган мезгилинде жана уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 26-жыйынынын алдында өтүп жаткандыгына байланыштуу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Президент кайрылуусунда Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Кытайдын Медиа корпорациясынын биргелешкен демилгесинин алкагында өткөрүлүп жаткан форум ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирип жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров ШКУнун 25 жылдык өнүгүү тажрыйбасы бекем кызматташтыкка, адамдардын ортосундагы ишенимге, тең укуктуулукка, элдердин маданиятын жана салт-санаасын урматтоого, ачык диалогго жана биргелешип өнүгүүгө даярдыкка негизделерин айгинелеп турганын айтты.
“Форумдун темасы терең мааниге ээ. Гармония өзүнүн өзгөчөлүгүн сактаган ар түрдүү үндөрдүн өз ара шайкештигинен жаралат. Алар бири-бирин урматтоо жана угууга даяр болуу менен биригет. Бул маданий көп түрдүүлүккө аяр мамиле кылууну жана ар бир элдин өз көз карашына болгон укугун урматтоону талап кылат”, — деди ал.
Мамлекет башчысы мындай өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө экенине токтолду. Анын айтымында, ЖМКлардын миссиясы окуяларды чагылдыруу менен гана чектелбейт. Журналисттер элдердин бири-бири тууралуу түшүнүгүн калыптандырууга олуттуу салым кошуп, мамлекеттердин маданиятын, баалуулуктарын жана умтулууларын тереңирээк түшүнүүгө көмөктөшөт.
Садыр Жапаров бүгүнкү күндө санариптик технологиялар маалымат мейкиндигин түп-тамырынан өзгөртүп жатканын белгиледи. Жасалма интеллект тилдик тоскоолдуктарды жоюу, чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүү жана заманбап медиапродуктуларды түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Бул инструменттер гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө, элдердин тарыхы, маданияты жана жашоосу тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү кылууга шарт түзөт.
Ошол эле учурда санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши кесиптик жоопкерчиликке болгон талаптарды жогорулатып жатканын айтты.
“Жалган маалымат, дипфейктер жана санариптик бурмалоонун башка түрлөрү адамдарды адаштырып, коомдук карама-каршылыктарды күчөтүп, ишенимге доо кетириши мүмкүн”, — деди президент.
Садыр Жапаров маалымат бир нече секунддун ичинде мамлекеттик чек араларды кесип өткөн азыркы шартта ар бир сөздүн баасы өзгөчө жогору экенин белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, технологиялардын таасиринин мүнөзү аларды адамдын кандай колдонгонунан көз каранды.
Президент кесипкөй журналистиканын негизин тактык, фактыларды текшерүү, аудиторияны урматтоо жана айтылган сөз үчүн жоопкерчилик түзөрүн белгиледи. Ишеним күн сайын жүргүзүлгөн ак ниет эмгек, ырааттуулук жана жогорку кесиптик стандарттарды кармануу аркылуу калыптанарын айтты.
Ошондой эле медиасабаттуулукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Анын белгилешинче, медиасабаттуулук адамдарга алынган маалыматка сын көз караш менен баа берүүгө, манипуляцияларды таанууга жана санариптик чөйрөдө аң сезимдүү багыт алууга мүмкүнчүлүк берет.
Садыр Жапаров жаңы технологияларды жоопкерчилик менен колдонуу, сапаттуу журналистиканы өнүктүрүү жана ШКУга мүчө мамлекеттердин медиа коомчулугунун күч-аракетин бириктирүү жалпы маалымат мейкиндигинде ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Президенттин айтымында, азыркы форум биргелешкен медиа долбоорлорго, кесиптик тажрыйба алмашууга, кадрларды даярдоого жана мамлекеттердин тарыхы, маданияты жана азыркы өнүгүүсү менен кеңири аудиторияны тааныштырган мазмундуу материалдарды түзүүгө жаңы дем берүүгө багытталган.
Мамлекет башчысы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн чыгармачыл эмгегин, кесипкөйлүгүн жана өз ишине берилгендигин жогору баалай турганын белгиледи.
“Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында гуманитардык алмашууну тереңдетүүгө, цивилизациялардын өз ара байышына жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө мындан ары да жигердүү көмөктөшөт”, — деди Садыр Жапаров.
Сөзүнүн жыйынтыгында президент форумдун катышуучуларына жемиштүү иш, мазмундуу талкууларды жана өлкөлөр менен элдердин жыргалчылыгы үчүн практикалык чечимдерди иштеп чыгууну каалады.