Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, "Борбор Азия - Европа биримдиги" биринчи саммитинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарынын конгресс-борборуна келди.
Мамлекет башчысын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга киришти.