Бишкек, 11.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушууда таза суу менен камсыздоо, жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүү, сот жана укук коргоо органдарынын ишинде адилеттүүлүктү камсыз кылуу маселелерин көтөргөн жарандардын кайрылууларын угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга аларды чечүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
Ачык диалог форматында өткөн жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктураны жаңылоо, ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык мекемелерди, спорт объектилерин куруу жана ачуу, ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Үч сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда тургундар жеке маселелерин да айтып, мамлекет башчысынан аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.
Мындан тышкары, жарандар пенсиялык камсыздоо, Баткенге көчүп келгендердин документтерин тариздөө процессин тездетүү жана башка актуалдуу маселелер боюнча кайрылышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди өз компетенцияларынын чегинде дыкат изилдеп чыгып, аларды чечүү үчүн зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту.