Садыр Жапаров Араван районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент 1506 11 Апрель 2026 18:34
669074975_1525011062966856_7195779763023194001_n.jpg
668878188_1525011512966811_710076740647535110_n.jpg
668906491_1525011562966806_1899627451267422680_n.jpg
670498324_1525012052966757_7964668325402552020_n.jpg
669110774_1524954846305811_195153661805207358_n.jpg
669335131_1524954809639148_1056567169523238222_n.jpg
669311057_1525011189633510_9127841751475112803_n.jpg
669600728_1525011096300186_8698042484474628613_n.jpg
669606781_1525011239633505_3044199637664737142_n.jpg
670289466_1525011389633490_3797915089824416657_n.jpg
670612773_1525011666300129_7684066235618670506_n.jpg
671331501_1525011429633486_2750086613510547515_n.jpg
671140109_1525011279633501_4239487881006916251_n.jpg
671339452_1525011152966847_6196233000131066859_n.jpg
671402751_1525011802966782_3543407237027840705_n.jpg
671413288_1525011629633466_1576637584316666899_n.jpg
671541730_1525011486300147_5162974028345635235_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, Ош облусунун Араван районунун активи жана жашоочулары менен жолугушту. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өттү.

Тургундар менен болгон диалогдо социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык мүнөздөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде мектептерди жана бала бакчаларды куруу, иштеп жаткан билим берүү мекемелерин кеңейтүү, калкты жер тилкелери менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, ошондой эле газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жергиликтүү инфратүзүм маселелери көтөрүлдү.

Жарандар ошондой эле айыл чарба жерлерин сугарууну камсыз кылуу, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу, социалдык объектилердин курулушун аяктоо, ошондой эле жол, коммуналдык жана социалдык инфраструктураны модернизациялоо зарылчылыгына байланыштуу суроолорун беришти.

Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына ар бир кайрылууну карап чыгууну, толук чараларды көрүүнү жана аларды кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.

Аны менен катар президент өлкөнүн бардык аймактарында суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ жана ДЖБ) куруу боюнча масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып жатканын, бул жакынкы жылдары сугат суу менен камсыздоо маселесин толугу менен чечүүгө жана агрардык секторду турукташтырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Садыр Жапаров жер тилкелерин берүү маселелерине токтолуп, жер ресурстарын рационалдуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, айыл чарба жерлерин сактоо артыкчылык бойдон кала берерин айтты. Ошону менен бирге ал турак жай маселелерин чечүү максатында көп кабаттуу үйлөрдү куруу жандандырылаарын билдирди.

Билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент жергиликтүү бийлик органдарына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жер тилкелерин кайтарымсыз негизде берүүнү тапшырды жана мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдой турганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, айтылган бир катар көйгөйлөр, анын ичинде жерлерди бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугу, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгү жана мүмкүн болгон мыйзам бузуулар фактылары боюнча укук коргоо органдарына ар тараптуу текшерүү жүргүзүү жана тиешелүү маалымат берүү тапшырмасы берилди.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы жарандардын бардык кайрылуулары көзөмөлдө экенин баса белгилеп, алардын ар бири боюнча конкреттүү чечимдер кабыл алынарына ишендирди.