Россиянын түзөтүү мекемелеринде 1 256 Кыргызстандын жараны бар

Укук тартиби Загрузка... 09 Март 2026 16:42
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Россиянын түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1256 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 143 жаран Новосибирсктин түзөтүү мекемелеринде кармалууда.

"Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери соттолгон мекендештер менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Учурда 138 жаран менен жолугушуулар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошол эле учурда, Омск жана Алтай крайындагы 43 жаран менен жолугушуулар азырынча боло элек", - деди ал.

Статистикага ылайык, кылмыштардын 50 пайыздан ашыгы баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга байланыштуу. Ошондой эле укук бузуулардын арасында каракчылык, тоноо, зордуктоо, алдамчылык жана диний экстремизм бар.

2025-жылы Кыргызстандын 131 жараны бошотулган. Анын ичинен 90у Башкы консулдук тарабынан берилген мекенине кайтып келүү жөнүндө күбөлүктөрдү алышкан.

Мындан тышкары, ИИМдин линиясы боюнча экстрадициялоо иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 61 жаран мекенине кайтарылган.