Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Россиянын мурдагы коргоо министри Сергей Иванов 73 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Сергей Иванов 1953-жылы Ленинград шаарында (азыркы Санкт-Петербург) туулган. Ал Ленинград мамлекеттик университетин аяктап, кийин СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) жогорку окуу жайларында билим алган.
Эмгек жолун 1976-жылы КГБ органдарында баштап, кийин Россиянын Тышкы чалгын кызматында жана Федералдык коопсуздук кызматында (ФСБ) иштеген.
1999–2001-жылдары Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп, 2001-жылы коргоо министри болуп дайындалган. Ал өлкөнүн тарыхында бул кызматка армиядан эмес, атайын кызмат органдарынан келген биринчи жетекчи катары белгилүү болгон.