Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Эл аралык олимпиада комитети россиялык спортчуларга жана командаларга карата буга чейин киргизилген чектөөлөрдү алып салууну сунуштады. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.
Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, Эл аралык олимпиада комитети Россиянын Олимпиада комитетинин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу чечимин жокко чыгарды. Буга чейин спортчулардын мелдешке катышуусу үчүн сунушталган коргоо чаралары жана чектөө шарттары мындан ары колдонулбайт.
Ал эми Олимпиада оюндарында Россиянын туусун, гимнин, улуттук түстөрүн жана башка мамлекеттик символдорун колдонуу маселеси кийинчерек каралат. Ошондой эле эл аралык мелдештерге кайтып келген бардык россиялык спортчулар допингге каршы талаптарга толук жооп бериши керек.
Ошол эле учурда комитет Россиянын аймагында өзүнүн колдоосу астында иш-чараларды уюштурбайт жана Россиянын расмий кызмат адамдарын өз иш-чараларына чакырбайт.