Россиялык өкүл Кырчында омуртка сөөгүн сындыруу өнөрүн көрсөттү

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 15:15

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Россиянын Иркутск облусунун Осин районундагы Бурят-Янгуты муниципалдык аймагынын башчысы Баграт Чобанян VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасында буряттардын салттуу ”Хээр Шаалга” спорттук түрү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал ”Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ал Көчмөндөр оюндарына ”Хээр Шаалга” — омуртка сөөгүн сындыруу боюнча мелдешке калыс катары келген.

”Эки күн мурун бизде омуртка сөөгүн сындыруу боюнча мелдеш өттү. Анда бир мүнөттө 58 сөөк сындыруу боюнча дүйнөлүк рекорд коюлду. Бул рекордду биздин монгол улутундагы өнөктөшүбүз койду. Ал эми россиялык спортчу Жалсып Манзаров 54 сөөк сындырды”, — деди Баграт Чобанян.

Ал Бурятияда бул спорттун тарыхы 16 жылга жакын экенин белгиледи. Алгачкы мелдеш Саян тоолорундагы Бурятия Республикасына караштуу Хайтаго деген чакан айылда өтүп, ага 50гө жакын адам катышкан.

”Биз 16 жыл бою чоң аренага жетүүгө аракет кылдык. Бүгүнкү күндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында дал ушул мелдешке катышып, калыстык кылуу биз үчүн чоң сыймык. Биздин мелдешке 7 өлкө катышты. Биздин балдар Көчмөндөр оюндарынын чоң аренасына чыкканда бул абдан эмоционалдуу болду. Чоң аренада чыгыш үчүн көптөн бери аракет кылып келгенбиз”, — деди Чобанян.

Ошондой эле ал ”Хээр Шаалга” өнөрүнүн тарыхы 2 миң жылга жакын экенин белгиледи. Мелдеште ири мүйүздүү малдын омуртка сөөгү колдонулат.

”Бул — ири мүйүздүү малдын, башкача айтканда, уйдун омуртка сөөгүнүн бир бөлүгү. Анын ичинде 12-сөөк бар. Буряттардын түшүнүгүндө анда жаныбардын руху камтылган. Бул сөөктү сындыруу менен жаныбардын рухун бошотуп, ал кайра жаралат деп ишенишкен”, — деп түшүндүрдү ал.

Анын айтымында, байыркы мезгилде буряттар бул ыкманы мелдеш катары колдонушкан. Ошондой эле Чыңгыз хандын жоокерлери да ушундай соккуларды жасоо аркылуу машыккан.

Ал ”Хээр Шаалгадагы“ негизги ыкма карама-каршы сокку урууга негизделерин айтып, өзү иштеп чыккан ”чабуулчу жолборс” деп аталган ыкмасы тууралуу да сөз кылды.

”Бул менин жеке, автордук ыкмам. Анын жардамы менен өз курактык категориямда көптөгөн мелдештерде жеңишке жеткем”, — деп сөзүн жыйынтыктады Баграт Чобанян.