Россиядагы кыргызстандык мигранттардын эмгек шарттарын жакшыртуу маселеси талкууланды

Коом 25 февраль 2025 09:15
risnb1.jpg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 05.46.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 05.46.51.jpeg
Алдыга
Артка
risnb1.jpg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 05.46.51 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-22 at 05.46.51.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров иш сапарынын алкагында Россиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда эмгекти коргоо, социалдык коргоону жогорулатуу, эл аралык кызматташтыктын алкагында эмгек шарттарын жакшыртуу, квалификация системасы, эмгек мамилелерин санариптештирүү жана башка маселелердин кеңири спектри каралды.

"Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсү татаал жана көп кырдуу, бирок ал биринчи кезекте мамлекет кармап турган жөнөкөй эмгекчилерге жардам берүүгө багытталган.

Адамдын ар кандай ишмердүүлүгүнүн негизинде эмгек турат, эмгек жана социалдык коргоо коомдун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоодо жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда негизги ролду ойнойт деп ишенем", – деп белгиледи министр.