Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынынын тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик думасынын депутаттарын шайлоону 2026-жылдын 20-сентябрына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Тиешелүү документ укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.
"Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик думасынын депутаттарын шайлоо 20-сентябрга дайындалсын. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылган документте.