Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Россия Жакынкы Чыгыштагы жалпы кырдаалды турукташтыруу максатында мүмкүн болгон көмөктү көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү, 2-мартта БАЭ президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.
Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, анда РФ жана БАЭ лидерлери Жакынкы Чыгыштагы аскердик кагылышууларды жана Тегерандын жооп кайтаруу аракеттерин талкуулашты.
Эки тарап тең ок атууну тезинен токтотуу жана саясий-дипломатиялык процесске кайтып келүү зарылдыгын баса белгилешти.
Владимир Путин Россия Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүү жана өз ара алгылыктуу компромисстерди издөө багытында көп иштерди жасаганын белгиледи. Бул процессте эмират тарап да жигердүү роль ойногон.
"Бирок, бул аракеттер эл аралык укуктун негизги принциптерин бузуу менен БУУнун мүчөсү болгон эгемендүү мамлекетке каршы негизсиз куралдуу агрессия актысынын натыйжасында үзгүлтүккө учурады", — деди Путин.
Өз кезегинде БАЭ президенти Ирандын жооп иретиндеги соккулары Эмираттарга да түздөн-түз таасирин тийгизип, өлкөгө зыян келтирип жана тынч жашоочуларга коркунуч туудуруп жатканын өзгөчө белгиледи.
Анын айтымында, БАЭнин аймагы Иранга чабуул жасоо үчүн плацдарм катары колдонулбаганына карабастан, мындай соккулар жасалууда жана алар эч нерсе менен акталбайт.
Владимир Путин айтылгандарды Тегеранга жеткирүүгө жана жалпысынан аймактагы кырдаалды турукташтыруу максатында мүмкүн болгон көмөктү көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.