Россия менен Украина 2 миңден ашык аскер жана жай тургунун алмашты

Дүйнө Загрузка... 30 Декабрь 2025 09:30
07f86659-e79d-443c-8c1f-aa384b21830a.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.12.25. /Кабар/. Россияга Украинадан 2300 аскер кызматкери жана 170 жай тургун кайтып келди. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Анда белгиленгендей, Стамбулда жетишилген келишимдердин натыйжасында туткундар алмашылды.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузиндин айтымында, Украина тарапка болжол менен 2400 аскер кызматкери жана ошондой эле болжол менен 170 жай тургун кайткан.