Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Благовещенск (Амур облусу) менен Хэйхэ (Кытай) ортосундагы биринчи чек арадагы асма жол жайында ачылат, деп облустун губернатору Василий Орлов билдиргенин, Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, асма жол жайдын аягына чейин даяр болот. Ишке киргизүү болжолдуу түрдө август айына пландаштырылган. Чек арадагы жол 2015-жылдын сентябрында кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин шарттары боюнча курулуп жатат. Долбоордун символикалык түрдө ишке киргизилиши 2019-жылдын июль айында болгон. Жүргүнчүлөрдү ташуу жазында сыноодон өткөрүлөт.
Асма жолдун кубаттуулугу ар бир багытта күнүнө 6,8 миң жүргүнчүнү же эки багытта жылына 2,5 млн жүргүнчүнү түзөт. 2030-жылга чейин Благовещенскке чет элдик туристтердин агымы үч эсе көбөйүп, жылына 918 миңге жетет деп күтүлүүдө.
Курулушка жалпысынан 17 млрд рубль бөлүнөт.