Көк бөрү: Россия Тажикстанды жеңип, коло медалга ээ болду

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 15:10
IMG_2980.webp
IMG_2979.webp
Алдыга
Артка
IMG_2980.webp
IMG_2979.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Россия курама командасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү беттешинде коло медалга ээ болду.

Бүгүн 3-орун үчүн беттеште россиялык спортчулар Тажикстандын командасы менен беттешти. Оюн россиялык спортчулардын 3:0 эсебиндеги ишенимдүү жеңиши менен аяктады.

Белгилей кетсек, эртең, 6-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары финалда кез келет.

Күйөрмандар бул беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатышат.