Көк бөрү боюнча мелдеште Россия Өзбекстанды жеңди

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 17:00
Көк бөрү боюнча мелдеште Россия Өзбекстанды жеңди
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө.

Алгачкы беттеште Россиянын курамасы Өзбекстанды 9:3 эсеби менен жеңди.

Бүгүнкү программанын кийинки беттешинде Кыргызстандын командасы АКШнын курамасы менен күч сынашат.

Андан соң, Тажикстан менен Венгриянын командалары беттешет.

Белгилей кетсек, көк бөрү — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук дисциплиналарынын бири.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.