Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. Колумбия университетинин инженерлери сүйлөп же ырдап жатканда эриндерин үн менен так шайкеш кыймылдата алган роботту жасап чыгышты. Бул тууралуу Columbia Engineering университетинин маалыматына таянып, Kazinform агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, робот бул жөндөмдүү адамдарды байкоо аркылуу үйрөнгөн. Адистер белгилегендей, робототехника өнүккөнү менен табигый артикуляцияны кайталай алуу ушул кезге чейин эң алсыз багыттардын бири болуп келген. Көпчүлүк гуманоид роботтордун жүзү кыймылсыз же оозун жөн гана ачып-жабуу менен чектелет.
Изилдөөчүлөр мимика, айрыкча эриндердин кыймылы, адамдын кабылдоосунда маанилүү роль ойной турганын белгилешет. Табигый эмес бет түзүлүшү роботту “жансыз” кылып көрсөтүп, адамдарда ыңгайсыздык жаратат.
Аталган робот ар кандай тилде сүйлөп, жасалма интеллект түзгөн Hello World альбомундагы ырларды аткара алат. Окуу жайдын бул иши жана изилдөөнүн жыйынтыктары Science Robotics журналына жарыяланды.
Салттуу ыкмалардан айырмаланып, система алдын ала жазылган алгоритмдерге эмес, үйрөнүүгө негизделген. Робот алгач күзгү аркылуу жүзүндөгү 26 кыймылдаткычты башкарууну өздөштүрүп, андан соң YouTube’дагы сүйлөп жана ырдап жаткан адамдардын видеолорун талдап, артикуляцияны үйрөнгөн.
Изилдөөнүн жетекчиси Ход Липсондун айтымында, робот адамдар менен канчалык көп өз ара аракеттенсе, анын кыймылдары ошончолук так боло баштайт.
Окумуштуулар ошондой эле бет мимикасы адам менен роботтун өз ара байланышында жетишпей келген маанилүү элемент экенин белгилешет.
Адистердин божомолунда, жакынкы он жылда гуманоид роботтор билим берүү, медицина жана тейлөө тармагында кеңири колдонулуп, жандуу жана ишенимдүү мимиканын ролу барган сайын өсөт.