Республика боюнча көчмө эмдөө бригадалары иш алып барууда

Ден соолук 27 Март 2025 11:37
7d1eb2307ebede9a4f80.max-1920x1080.format-webp.webp
486492462_18140536279390717_6.max-1920x1080.format-webp.webp
486069413_18140536291390717_8.max-1920x1080.format-webp.webp
485778924_18140536300390717_4.max-1920x1080.format-webp.webp
486818554_18140536309390717_8.max-1920x1080.format-webp.webp
486417256_18140536318390717_8.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon www

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Республика боюнча көчмө эмдөө бригадалары иштеп жатат.

Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришкендей, эпидемияга каршы иш-чаралардын максаты профилактикалык эмдөө календары боюнча эмдөөдөн өтпөй калган балдарды эмдөө болуп саналат.

Белгиленгендей, республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кызамыкка каршы эмдөө иштерине өзгөчө басым жасалууда. Ошондой эле мобилдик топтор өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөдө.

"Өлкөдө жыл сайын график боюнча 78 мобилдик бригада иштейт, алар жетүүгө кыйын аймактарга профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн барышат. Бул алыскы жана жетүүгө кыйын аймактардын жашоочуларына иммунизацияга жетүүгө, камтууну көбөйтүүгө жана калкты жугуштуу оорулардан, анын ичинде кызамыктан коргоого мүмкүндүк берет",-деп айтылат маалыматта.