«Рэкетир» тасмасы аркылуу таанылган актер Мурат Бисембин көз жумду

Борбор Азия Загрузка... 08 Январь 2026 16:02
IMG_0439.png

Бишкек, 08.01.26. /Кабар/. «Рэкетир» тасмасы аркылуу таанылган казакстандык актер Мурат Бисембин узакка созулган оорудан кийин бейшемби күнү 54 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын кызы кабарлады.

Диана Булатова социалдык тармактагы баракчасына атасынын туулган жана каза болгон даталары көрсөтүлгөн кара-ак сүрөтүн жарыялап, «Чексиз сүйөм» деген кыска жазуу калтырган.

Маалыматка ылайык, актер бир нече жыл бою уйку безинин рагы менен күрөшүп келген. Жакында ал инсульт да алганы айтылган.