Бишкек, 18.09.26 /Кабар/. Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде борбор калаада жол тыгыны эң көп катталган көчөлөрдү атады.
Анын айтымында, унаа кыймылы эң жыш болгон негизги көчөлөрдүн катарына - Чыңгыз Айтматов проспекти, Абдрахманов, Профсоюз, Фучик, Лев Толстой жана Гагарин көчөлөрү кирет.
“Учурда Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, унаалардын негизги агымы Абдрахманов көчөсү менен Айтматов проспектисине түшүүдө”, — деп түшүндүрдү Рамиз Алиев.
Мэрдин орун басары ошондой эле татаал тилкелердеги жол кыймылын жөнгө салып, тыгындарды азайтуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери саат 07:00дөн 22:00гө чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатканын кошумчалады.