QatarEnergy газ өндүрүү токтогонун билдирди

Дүйнө Загрузка... 05 Март 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-03-05 at 14.53.50.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Катардын QatarEnergy мамлекеттик мунай-газ компаниясы суюлтулган жаратылыш газын өндүрүү токтогонун жарыялады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, компания өндүрүш токтогондугуна байланыштуу кардарларынын алдындагы келишимдик милдеттенмелерин аткара албай жатканын билдирди. Ошол эле учурда QatarEnergy өнөктөштөрү жана акционерлери менен болгон кызматташтыкты жогору баалай турганын жана кырдаал боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз жаңыртып турарын айткан.

"Reuters" агенттигинин маалыматына караганда, газ өндүрүшүн жана экспортун калыбына келтирүү үчүн кеминде бир ай убакыт талап кылынат.

Белгилей кетсек, Катар мамлекети дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газынын эң ири үч экспорттоочусунун бири.

Буга чейин маалымдалгандай, ирандык дрондор QatarEnergy компаниясынын өндүрүш объектилерине сокку урган. Анын кесепетинен компания газ өндүрүшүн убактылуу токтотууга аргасыз болгон.

Ошондой эле буга чейин Сауд Аравиясындагы ири мунай иштетүүчү заводдордун бири Saudi Aramco компаниясы да дрон соккусунан кийин ишин убактылуу токтоткону кабарланган.