Пяо Янфань: Аялдарсыз адилеттүү коомду куруу мүмкүн эмес

ШКУ Загрузка... 26 Июнь 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-06-26 at 15.36.42.jpeg

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюму акыркы 25 жыл ичинде аймактын туруктуу өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоого олуттуу салым кошуп келет. Уюм аялдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү өлкөлөрдүн туруктуулугуна, өнүгүшүнө жана прогрессине жетишүүнүн негизги шарттарынын бири катары карайт. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань Бишкекте өткөн ШКУнун Аялдар форумунда билдирди.

Анын айтымында, аялдардын экономикалык жана коомдук процесстерге толук кандуу жана тең укуктуу катышуусусуз адилеттүү коомду куруу, гүлдөгөн аймакты калыптандыруу жана азыркы глобалдык чакырыктарга натыйжалуу жооп берүү мүмкүн эмес.

“Бул Шанхай кызматташтык уюмунун негизги баалуулуктарына — өз ара ишенимге, тең укуктуулукка, өз ара пайдалуу кызматташууга, ар түрдүү маданияттарды урматтоого жана биргелешип өнүгүүгө негизделген принциптерге шайкеш келет”, - деди ал.

Пяо Янфань белгилегендей, уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан кабыл алынган ШКУнун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында аялдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын экономикалык жана социалдык абалын чыңдоо боюнча кызматташтыкты улантуу каралган.

Ал 1995-жылы Пекинде өткөн Аялдардын дүйнөлүк конференциясынын жыйынтыгында Пекин декларациясы менен Иш-аракеттер платформасы кабыл алынганын эске салды.

“Өткөн жылы Пекинде бул тарыхый окуянын 30 жылдыгына карата Аялдардын глобалдык саммити өттү. Артка кылчайып карасак, ушул жылдар аралыгында чоң өзгөрүүлөр болгонун көрөбүз. “Пекин +30” аналитикалык баяндамалары муну айкын тастыктайт. Атап айтканда, гендердик теңчиликке умтулуу эл аралык коомчулуктун жалпы түшүнүгүнө айланды”, - деп белгиледи ал.

Пяо Янфандын айтымында, билим берүү тармагында олуттуу прогресс байкалууда. Аялдардын экономикадагы, саясаттагы, маданияттагы жана коомдук турмуштагы ролу барган сайын күчөп, көрүнүктүү дипломат айымдар эл аралык аренада өздөрүн ийгиликтүү көрсөтүп жатышат.

“Бирок жетишилген ийгиликтерге карабастан, дүйнөдө дагы эле куралдуу жаңжалдар жана согуштар, жакырчылык, зомбулук, дискриминация, ошондой эле жаңы технологиялардан улам жаралган олуттуу чакырыктар сакталып калууда. Бул көйгөйлөрдү биргелешкен аракеттер менен гана жеңе алабыз”,-деди орун басар.