Путин: Садыр Жапаров ишенимдүү өнөктөш жана ишенимдүү дос

Тышкы саясат Загрузка... 28 Ноябрь 2025 10:18
copyright icon "Номад ТВ"

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Күн мурун, 27-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жаңы иштей баштаган "Номад ТВ" телеканалына маек берди.

Путин журналисттин Садыр Жапаров менен болгон жумушчу жана жеке мамилесин кандай мүнөздөйсүз деген суроосуна алар достук мамиледе экенин айтты.

"Биз достук мамиледебиз. Ал ишенимдүү өнөктөш жана ишенимдүү дос", - деп баса белгиледи Россия лидери.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 3 күнгө созулган мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келип кетти. Анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугуп, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.