Бишкек, 22.12.25. Кабар/. Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык өнүгүүлөрү тууралуу билдирди.
“Кесиптештер белгилегендей, биздин ЕАЭБдеги кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө. Анда биримдикке мүчө мамлекеттерде экономикалык өсүштөр байкалып, бизнестин кирешеси жогорулады. Эң башкысы элдин жашоосунун сапаты жакшырып жатат. Ушул жылда биздин экономика ишенимдүү динамиканы көрсөтүүдө. ИДПнын көлөмү жогорулоодо. Мында Кыргызстан алдыңкы орунга чыкты. Өлкөнүн ИДПсы 10 пайызга өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биз Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана анын командасын мындай жыйынтыкка жетишкендиги менен куттуктайбыз”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле Путин биримдикте айыл чарба, чекене соода, курулуш тармагында өсүштөр катталганын айтты.
Мындан тышкары, Россиянын президенти белгилегендей, биримдиктеги интеграция 2045-жылга чейин “Евразия экономикалык жолу” декларациясынын негизинде жүрөрүн кошумчалады.